Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 14.12.2015 09:27

Айыл турмушу: Ала-Буканын Ак-Там айылынын тургуну М.Абдираимова таттуулардын түрүн бышыруучу чакан цех ачты (фото)

Turmush -  Ала-Бука районундагы Ак-Там айылынын тургуну Малика Абдираимова таттууларды бышыруучу цех ачып, бүгүнкү күндө төрт адамды жумуш менен камсыздады.

М.Абдираимова Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, алар буюртма алып, нандын жана таттуулардын түрүн бышырышат.

«Учурда биз бышырган таттуулар келишим боюнча мектептер менен бала бакчаларга жөнөтүлөт. Мындан тышкары, райондун борборуна алып барып сатабыз. Той, мааракелерде буюртмалар көп түшөт. Кардарларыбыз күн санап өсүүдө», - дейт М.Абдираимова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×