Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Ала-букалык Н.Карабаев урушка түшкөн дакан короздорун 40 миң сомго чейин сатат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын тургуну Нурбек Карабаев үч жылдан бери дакан породасындагы короздорду багуу менен алектенет.

Н.Карабаев Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал короосуна атайын короз багуучу жай куруп алган. Бүгүнкү күндө ал жалаң дакан породасындагы кыркка жакын корозду багууда. Алардын кээ бири Түркиядан, кээ бири Кытайдан алынып келген.

«Короздор атайын режим менен тамактанышат. Торчонун ичинде ар бир короз жалгыздан бөлүнүп багылат. Турган жери кургак жана таза болушу керек. Күн сайын кыктары тазаланат. Ошондой эле, короздорго дене көнүгүүлөрүн да жасатабыз. Бул короздор азырынча сатылбайт. Эрте жаздан тарта сатууга даяр болот. Ошондо ар бир корозду 40 миң сомго чейин сатабыз. Кардарлар Өзбекстандан, Ош жана Бишкек, Өзгөн шаарларынан издеп келишет. Айрымдары азыртадан эле келип, сатып алуучу короздорун энчилеп кетүүдө. Негизинен бул короздорду уруштуруу үчүн сатып алышат», - дейт Н.Карабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 15895
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
sssr89
20:38, 24 сентября 2017
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×