Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 10.12.2015 14:05

Таш-Көмүрдө «Тегене» ЖЧКсы 10 айда 70 миң тонна көмүр өндүргөн

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында «Тегене» жоопкерчилиги чектелген коому ушул жылдын 10 айында 70 миң тонна көмүр өндүргөн.

«Тегене» ЖЧК өз алдынча көмүр өндүргөн ишкана катары 1995-жылы ишин баштаган. Ишканада көмүрдүн «ДСШ», «ДР» түрлөрү өндүрүлөт. «ДСШ» көмүр жылуулук берүүчү ишканаларга жөнөтүлөт жана Өзбекстанга экспорттолот.

«ДР» үлгүсүндөгү көмүр облустун калкына сатылат. Быйылкы жылдын 10 айында 70 миң тонна көмүр өндүрүлүп, 51 миң 170 тоннасы сатылган.

Учурда ЖЧКда 38 жумушчу эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×