Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 04.12.2015 13:58

Айыл турмушу: Тандыр самсанын жаңы түрүн жасап саткан ала-букалык Ибрагим жакшы киреше табууда (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун тургуну Ибрагим Жураев өз үйүнө самсакана ачып, аны иштетүү менен алек, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

И.Жураевдин айтымында, тандыр самсанын жаңы түрүн өзгөчөлөнтүп жасагандыктан кардарларынын саны көп.

Популярдуу болуп жаткан «манты самса» же «майда самса» деп аталган самсанын бул түрү аябай даамдуу жана берекелүү. Бир порцияда төрт даана самса болот.

«Учурда самсанын бул түрүнө кардарлардын суроо-талабы көп. Анткени, мен жапкан самса даамдуу, тоюмдуу келет. Баасы болгону 50 сом. Мааракелерге дасторкон жасап барчу аялдар менин туруктуу кардарларым болуп калды. 300 сомго бир табак самса келет. Күнүнө болжол менен 300-400 даана самса сатам», - дейт И.Жураев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×