Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 01.12.2015 14:08

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн 68 жаштагы тургуну Раиса 8 жылдан бери «пекинес» породасындагы ит менен жашайт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 68 жаштагы тургуну Раиса Люберанская үйүндө Бакс аттуу ити менен жашайт.

Р.Люберанская Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, анын ити менен жашаганына 8 жыл болду.

«Менин Атос атуу итим бар эле, ал өлгөндөн кийин аябай кайгырып жүрдүм. Ошондо мага баламдын досу Бишкектен «пекинес» породасындагы итти берип жибериптир. Бирок, ал итти Кара-Көлгө ала келген адамдын аялы дагы жактырып калып, алар өздөрү багып алышкан. Мага андан төрөлгөн күчүгүн беришкен. Ошол күчүктү 2007-жылдан бери багып келе жатам. Бакс атайын үйрөтүлгөн иттердей болбосо да, абдан акылдуу. Баарын билет, түшүнөт, болгону сүйлөбөйт, бирок кыймыл-аракети менен түшүндүрөт.

Жыл сайын Россияга баламдыкына 10 күнгө кетем. Кеткенде Баксты таанышыма калтырып кетем. Мен кеткенден кийин ал бир жума суу ичпей, тамак да жебей коюптур. Мен келгенче кайгырып, таштап кетти дегенсип капаланып, абдан күтүптүр.

Мындан сырткары, 3 мышыгым бар. Итим жана мышыктарым менен үйдө болгондо сүйлөшөм, чогуу ойнойбуз. Алар деле адамдардай болуп баарын түшүнөт. Күн сайын Бакс экөөбүз эшикке чыгып, сейилдейбиз. Айына бир жолу жүндөрүн тарап жуунтам. Ооруп калса ветеринардык дарыгерге көрсөтөм», - деди Р.Люберанская.

Анын айтымында, ал 43 жыл Нарын ГЭСинде инженер-гидрокуруучу болуп иштеген.

«Кара-Көлдө 1973-жылдан бери жашайм. ГЭСтердин курулушуна катыштым, акыркы жолу Күрп-Сай ГЭСинин жана Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна катыштым. Россиянын Владивосток шаарында туулгам. Атамдын ишине байланыштуу кийин Өзбекстанга келгенбиз. Андан соң 1973-жылы Кара-Көлгө көчүп келдик. Туугандарым, балдарымдын баары Россияда жашашат. Менин жаштыгым Кара-Көлдө өткөндүктөн бул жерден кетким келбейт», - деп кошумчалады Р.Люберанская.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×