Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 30.11.2015 13:42

Айыл турмушу: Ала-Буканын тургуну Ж.Садыкова жумушсуз аялдарды иш менен камсыз кылды (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Актам айылынын тургуну Жумагүл Садыкова айылдагы жумушсуз аялдарды иш менен камсыздоо жана аларга текмечилик кесибин үйрөтүү максатында атайын тигүү цехин ачты.

Ж.Садыкова Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, бүгүнкү күндө ал 8 аялды иш менен камсыздап, 40ка жакын аялга тигүүчүлүктү үйрөткөн.

Тигүү цехи учурда ар кандай буюртмаларды кабыл алып, тургундарга кызмат көрсөтүүдө.

«Бизге кыздарга сеп даярдоо боюнча буюртмалар көп түшөт. Тигүүчү машиналарды долбоор жазып, республикалык «Жаштар» фондунан гранттык негизде алганбыз. Тигүү цехинин ачылышына айыл өкмөттүн да салымы чоң», - дейт Ж.Садыкова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×