Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 30.11.2015 11:13

Айыл турмушу: Француз, англис тилдеринде эркин сүйлөгөн токтогулдук Азамат быйыл 120 туристти кабыл алды (фото)

Turmush -  Токтогул шаарынын тургуну Азамат Жоомашов жетектеген туристтик борбор 2015-жылдын 10 айында 120 туристти кабыл алып, кызмат көрсөттү.

А.Жоомашов Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал туристтик борборду түзгөнүнө 2 жыл болду. Бул жерде жубайы экөө иштешет.

Азамат орус, француз, англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Бул жылы туристтер Израиль, Франция, Швейцария, Австралия, Америка, Батыш Европа өлкөлөрүнөн жана коңшулаш Казакстандан келишкен.

«Келген туристтер көбүнчө бийик тоолорго чыгууга кызыгышат. Бул жылы Австралиядан келген 5 турист менен Жетиген-Кызыл-Үңкүр туристтик жолун ачтык. Бул жол Токтогул менен Арсланбаб өрөөнүн байланыштырып турат. Мындан сырткары, кийинки жылы Талас-Токтогул туристтик жолун дагы ачууга кызыгып жатабыз», - дейт ал.

Туристтерди тартуу үчүн ишенимдүү тейлөө кызматы керек. Жергиликтүү тургундар бул тармак менен иштешүүнү өздөштүрүп алса, алар үчүн дагы кошумча каражат табууга шарт түзүлмөк, деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×