Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 27.11.2015 15:29

Айыл турмушу: Кара-көлдүк А.Залимова балдарды чыгармачылык менен иштөөгө үйрөтүп келет (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Айнура Залимова балдар чыгармачыл үйүндө 4 жылдан бери иштейт.

А.Залимова Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал балдар чыгармачыл үйүндө сүрөт ийримин жетектейт жана балдар ага активдүү катышып келет.

Ал 1985-1989-жылдары Жалал-Абад шаарындагы Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын окуп бүтүргөн. 2009-2011-жылдары Токтогул Каскаддар ГЭСине тийиштүү №8 «Россинка» бала бакчасында ашпозчу болуп эмгектенген. 2011-жылдан тартып шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу балдар чыгармачыл үйүндө аталган ийримди жетектеп келет.

«Учурда ийримге 45 бала катышат. Ийримде сүрөт тартууну, түстүү кагаздар, пластилин, түстүү боектор менен иштөөнү үйрөтөбүз. Техникалык коопсуздук үчүн кайчыны туура кармоону дагы үйрөтөбүз. Мындан сырткары, мөмө-жемиштердин уруктарынан, дандарынан, суусундуктардын бөтөлкөлөрүнөн, гезиттен, жалбырактардан, чөптөрдөн ар кандай азем белектерди жасоону үйрөтөбүз», - деди А.Залимова.

«Сүрөт ийримине 5 жаштан 13-14 жашка чейинки балдар катышат. Аларды сүрөт тартууда эрктүүлүккө, сабырдуулукка үйрөтөбүз. Искусствону түшүнүүгө, кандай гана иш болбосун аларды чыгармачылык менен жасоону үйрөтөбүз», - деп кошумчалады А.Залимова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×