Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Жалал-Абад

Ала-Бука районунун акими А.Кулуев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Turmush -  Ала-Бука районунун акими Алымкул Кулуев кызматтан кетүү боюнча арызын жазды.

Ала-Бука райондук администрациясынан Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришкендей, район жетекчиси ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Маалым болгондой, А.Кулуев 2013-жылдын июль айынан бери Ала-Бука районунун акими болуп иштеп келген.

Учурда анын ордунда Бектур Сагынбаев убактылуу иштөөдө. Буга чейин ал акимдин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3598
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×