Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 25.11.2015 11:35

Айыл турмушу: Ала-Буканын тургуну Б.Тажибаева боз үйдүн ички жана тышкы жасалгасын тигип, 70 миң сомго сатты (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын тургуну Буниса Тажибаева боз үйдүн ички жана тышкы жасалгасын тигип, 70 миң сомго сатты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Б.Тажибаеванын айтымында, ал боз үйдүн ички жана тышкы жасалгасын 1 айда жасап бүтөт. Аларды улуттук оймо-чиймелер менен кооздойт.

Мындан тышкары, ал бешик той өткөргөндөр үчүн бешиктин төшөктөрүн жасайт. Ошондой эле, куржун тигип, ар бирин 800 сомдон сатыкка чыгарат.

Атайын буюртма бергендер үчүн кыздын себин да даярдап берет. Акыркы убактарда суроо-талап көп болгондуктан унаанын ичине салган төшөктөрдү жасоого өттү.

60

62

63

61

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×