Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 25.11.2015 10:00

Айыл турмушу: Базар-Коргондун тургуну Б.Кулматов курма өстүрүп, бир сезондо жакшы киреше тапты (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагынын тургуну Базаралы Кулматов 7 сотых аянтка күнөскана куруп, помидор жана бадыраң өстүрүп, аларды сатуу менен киреше табат.

Б.Кулматов Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, учурда ал помидордун 1 килограммын 80 сомдон жана бадыраңдын 1 килограммын 120 сомдон сатууда. Учурда ал 50 миң сом киреше тапты.

Мындан тышкары, ал үйүндө курма дагы өстүрөт. Анын 1 килограммын 80 сомдон сатат. Мындан улам ал бир сезондо 120 миң сом киреше тапкан.

Б.Кулматов ошондой эле, айыл чарба продукцияларынын бардык түрүн өстүрүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×