Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 24.11.2015 16:55

Айыл турмушу: Ала-Буканын тургуну торттун 25 түрүн чыгарган кондитердик цех иштетет (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылындагы «Наима» кондитердик цехинде торттун 25 түрү чыгарылат.

Ишкананын жетекчиси Наима айым Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, цехте 10 кыз туруктуу иштейт.

Майрам күндөрүндө Ала-Бука районун таттуулар менен камсыз кылышат. Шириндиктер көлөмүнө жараша бааланат. Айрым учурларда бир даана торт 800 сомго чейин сатылат.

«Өзүм Ташкент шаарынан окуп келгем. 6 айдан бери 500гө жакын кызды окуттум» , - дейт ишкана жетекчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×