Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 23.11.2015 11:34

Айыл турмушу: Токтогулдук М.Асанов шарты жок спорт залда 40 баланы бокс боюнча машыктырат (фото)

Turmush -  Токтогул районундагы өспүрүмдөр спорт мектебинин бокс боюнча машыктыруучусу, спорттун бокс түрү боюнча чебери Мирбек Асанов учурда 40 жаш өспүрүм баланы жана 1 кызды бокс менен машыктырат.

М.Асанов Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал тарбиялаган жаш спортчулар облустук, республикалык, эл аралык мелдештерге катышканда жеңиш менен кайтып келишет.

«Алсак, 2001-жылы туулган Кубанычбек уулу Умар бокс боюнча спорттун чеберине талапкер. Ал 2012-жылы эл аралык мелдеште чемпион, 2015-жылы Талас шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Бердаалы Муралиевдин урматына арналган эл аралык мелдеште дагы 1-орунду камсыздаган. 2015-жылы Казакстандын Балкаш шаарында өткөн эл аралык мелдешке катышып, финалга чыккан. Ошондой эле, Чымкентте өткөн мелдеште чемпион болуп, ийгиликтерге жетишти», - дейт машыктыруучу.

Учурда 14 жаштагы Умар 22 медалдын, 26 дипломдун ээси жана Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү болгон.

«Учурда районубузда тилекке каршы менден башка машыктыруучу жок. Айлык акы аз, залда толук машыгуу үчүн шарт жок. Ошентсе да кесибимди сүйгөндүктөн ар дайым балдарды машыктырып келем. Спортчуларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлсө, бизде бокс боюнча дүйнөнү багынта турган балдар көп», - деди М.Асанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×