Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 23.11.2015 11:08

Кара-Көлдө «Атам, апам, мен — спорттук үй-бүлө» мелдеши быйыл 5-жолу өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы №3 М.Фрунзе атындагы орто мектебинин спорттук залында «Атам, апам, мен — спорттук үй-бүлө» аталышындагы спорттук мелдеш болуп өттү.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалым болгондой, 21-ноябрь күнү өткөрүлгөн бул иш-чараны М.Фрунзе атындагы мектептин директору Мустафина Бахыт ачып, катышуучуларга ийгилик каалады.

Мелдешке №3 орто мектептин 2-класстарынын окуучулары жана алардын ата-энелеринен турган 5 команда катышты.

«Достук», «Фортуна», «Геркулес», «Жыртылган кеди», «Ак-Шумкар» командалары спорттун 11 түрү боюнча күч сынашып, өздөрүнүн шамдагайлыгын көрсөттү.

Калыстардын чечими менен 1-орунду 2-«А» классынын окуучусу Эрмек ата-энеси Нурлан Паязов жана Миргүл Смановалар ээлеп, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Аталган мелдеш быйыл 5-жолу өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×