Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 23.11.2015 08:32

Токтогулдагы мамлекеттик кызматкерлер «Мыйзамдуулук жана сергек жашоо» урааны менен спорттук мелдештерге түштү

Turmush -  Токтогул шаарында Кыргызстандын прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 91 жылдыгына карата «Мыйзамдуулук жана сергек жашоо» ураанынын алдында райондук деңгээлде спорттук мелдеш өткөрүлдү.

Мелдештин уюштуруучусу, Токтогул райондук прокуратурасынын прокурору Марлен Чоробеков билдиргендей, мелдешке райондогу мекеме-ишканалардан түзүлгөн командалар катышууда.

«Иш-чаранын максаты — райондук мекемелер ортосундагы достукту бекемдөө, ынтымакты арттыруу, мекемедеги кызматкерлерди сергек жашоого үндөө, дени сак улутту калыптандыруу, жаштарды жаман адаттардан алыстатуу болуп саналат», - деп билдирди М.Чоробеков.

21-ноябрдагы мелдештин ачылышына райондук мамлекеттик администрация башчысы М.Сатымкулов катышып, прокуратура кызматкерлеринин 91 жылдык майрамы менен куттуктады.

Жалпысынан таймашка 10 команда катышып, жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×