Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.11.2015 16:32

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун насыяларын Жалал-Абаддагы 13 долбоор алды

Turmush -  Жалал-Абад облусунан 13 долбоор Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларына ээ болушту. Бул тууралуу 20-ноябрда өкмөттүн Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүндө өткөн кеңешмеде маалымдалды.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абадда 10 долбоорго жылдык 12% үстөгү бар (анын биринчи жылы жеңилдетилген шарт менен) насыялар берилди.

Алардын ичинде темир-бетон материалдарынан жаңы ишкана курууну чечкен бир долбоор, Сузак районунан тамчылатып сугаруу менен гилас багын өнүктүрүүнү көздөгөн экинчи долбоор, асыл тукумдуу мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган бир долбоор бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×