Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 20.11.2015 11:29

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн 53 жаштагы тургуну Г.Ногойбаева 31 жылдан бери лабораторияда иштейт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 53 жаштагы тургуну Гүлбайра Ногойбаева 31 жылдан бери Кара-Көл шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун бактериологиялык лабораториясында лаборант-бактериолог болуп иштеп келет.

Г.Ногойбаева Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал 1983-жылы Фрунзе шаарындагы медициналык окуу жайды аяктап, фельдшер-лаборант кесибине ээ болгон.

Ошол жылдан тартып Кара-Көл шаарындагы азыркы Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлик борборунун клиникалык лабораториясында иштөөдөн алгачкы эмгек жолун баштаган. Ал жакта бир жыл иштеп турмушка чыгып, аталган борборго которулган.

«Кесибимди жакшы көрөм. Ушул кесиптин аркасы менен балдарымды багып келем. 31 жылдык өмүрүм ушул мекемеде өттү. Жыл сайын ар бир айдын 4 жумасынын дүйшөмбүсүнөн жума күнүнө чейин эртең мененки саат 8:00дон кечки 17:00го чейин жумушта болом. Ден соолукка зыяндуу шартта иштейбиз. Анализ жасоодо көптөгөн химиялык кошулмаларды даярдап, бейтаптардын каны менен иштөөгө туура келет», - деди Г.Ногойбаева.

Анын көп жылдык эмгеги шаардык мэрия, облустук санэпидкөзөмөл борбору тарабынан бааланып, Ардак грамоталар менен сыйланган. Ал жогорку категориядагы кызматкер.

Г.Ногойбаеванын 3 уулу, 1 кызы жана 4 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×