Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 20.11.2015 11:54

Айыл турмушу: Ала-букалык дыйкан А.Качиевдин цехинде күнүнө 1 тонна болгар калемпири кургатылат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Кош-Терек айылынын тургуну Абдыраман Качиев 5 гектар жерге ачуу болгар калемпир жана 10 гектарга жарым ачуу болгар калемпир айдап, учурда мол түшүм алды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Качиевдин айтымында, анын болгар калемпир кургатуучу атайын цехинде күн сайын 1 тонна калемпир кургатылат.

«Кургатылган жарым ачуу калемпирдин 1 килограммы 120 сомдон, ал эми ачуу калемпирдин кургатылганы 150 сомдон сатылат. Аны атайын фирмага келишимдин негизинде өткөрөбүз. Цехте 4 адам иштейт. Жаз айынан баштап талаа иштерине 30дай адам ишке тартылат», - дейт А.Качиев.

16

15

14

13

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×