Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 19.11.2015 16:45

Айыл турмушу: Сузактык уста Ж.Адаханов 10 жылдан бери жыгачтан боз үй, өрүктөн комуз жасап сатат (фото)

Turmush -  Сузак районундагы Ак-Булак айылынын тургуну Жеңиш Адаханов 10 жылдан бери жыгачтан боз үй жасап, терек менен жаңгактан, талдан, өрүктөн комуз чаап, чөмүч жана күрөк жасайт.

Ж.Адаханов Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал өз колу менен жасаган буюмдарын Жалал-Абаддын базарында сатууга аракет кылат. Кезегинде анын жасаган кумгандарын Казакстанга сатып алып кетишкен. Анын колунан жасалган комуз бүгүнкү күндө базарда 2000-2500 сомдон бааланууда.

Буга чейин уста миңден ашык комуз жасаган. Анын комуздары 1 миң сомдон 4-6 миң сомго чейин сатылган. Ал бир эле жыгачтан түрдүү буюмдарды жасоо менен чектелбей, өзү комуз чертип, түркүн күүлөрдү, комуздун коштоосу менен бир нече ырларды аткарат.

55 жаштагы Ж.Адахановдун 7 баласы бар. Анын кенже уулу Бакай да атасын тартып, азыркы учурда чөмүч жана анын түрлөрүн жасоо менен алектенет. Ошондой  эле жыгачтан ар түрдүү буюмдарды жасоого аракет кылып, атасынын көптөгөн өнөрүн үйрөнүп жаткандыгын айтты.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×