Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 19.11.2015 09:46

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн 64 жаштагы тургуну А.Мамбетов 19 жылдан бери өрт өчүрүүчү катары кызмат кылат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 64 жаштагы тургуну Анарбек Мамбетов 19 жылдан бери №94 Кара-Көл шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүндө иштеп келет.

А.Мамбетов Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал 1951-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Үч-Терек айылында төрөлгөн.

Фрунзе шаарындагы унаа жана жол курулуш техникумун аяктагандан кийин борбордогу курулуш комбинатында цехтин мастери, андан кийин ошол эле автотранспорт цехинде 1986-жылга чейин башчы болуп иштеген.

Кара-Көл шаарындагы «Достук» заводунда цехтин мастери, улуу мастер болуп эмгектенген. 1996-жылдан тартып Кара-Көл шаардык №94 өрткө каршы бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп баштаган.

«А.Мамбетов жетекчи болуп келгенден тарта өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүндө бир топ өзгөрүүлөр болду. Маселен, тетиктери жок иштебей турган өрт өчүрүүчү унаалар оңдолуп, күжүрмөн катарга киргизилди. Өздүк курамдын мүчөлөрүнүн өрт өчүрүүдө шамдагайлыктары артып, бир кыйла чеберчиликти өздөштүрдүк», - деп билдиришти чогуу иштеген кесиптештери.

Өрт коопсуздугу кызматында эң мыкты жетишкендиктери бааланып, «Эң мыкты кызматкер» төш белгиси, «Өрткө каршы мамлекеттик кызматына 85 жыл» мааракелик медалы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык, облустук бөлүмдөрүнүн, шаардык мэриянын бир нече Ардак грамоталары менен сыйланган.

3

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×