Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Жалал-Абад

Жалал-Абад облусунда кош бойлуу аялдардын 40-45%ы аз кандуулуктан жабыркайт

Turmush -  Ушул жылдын май айынан тартып биринчи жолу амбулатордук деңгээлде кош бойлуу аялдарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун медициналык камсыздандыруу полисин акысыз берүү практикасы кирген. Мындай маалыматты аталган фонддун директорунун орун басары Жылдыз Суранбаева облустук жыйында билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, бул социалдык мааниси бар чоң программа. Облус боюнча кош бойлуу аялдардын 40-45%ы аз кандуулуктан жабыр тартат.

«Кошумча программанын эсебинен аз кандуулуктан жабыркагандарга жеңилдетилген баада дары-дармек алуу үчүн жакшы шарт түзүлүп жатат. Бирок, 2015-жылдын акыркы 5 айында акысыз полис алган 6 миң 133 кош бойлуу аялдарга бар болгону 1 миң 694 рецепт жазылып же 4 миң 25 сом каржыланган. Ал эми Кара-Көл, Майлуу-Суу шаарларынын жана Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору бир дагы кош бойлуу аялга рецепт жазып берген эмес», - деди Ж.Суранбаева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1552
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×