Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абадда айрым дарыгерлер жарандарга жана бейтаптарга негизсиз рецепт жазууда

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кээ бир дарыгерлери жарандарга жана бейтаптарга негизсиз рецепт жазышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директорунун орун басары Жылдыз Суранбаева облустук жыйында билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери тарабынан Базар-Коргондо–61, Тогуз-Тородо–9, Майлуу-Сууда–5 бейтапка негизсиз рецепт жазылгандыгы аныкталган.

Тескерисинче, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен райондорундагы, Көк-Жаңгак жана Кочкор-Ата шаарларындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда дары-дармекке муктаж бейтаптарга рецепт жазылбай келгендиги белгилүү болду.

Жыйынтыгында, Жалал-Абад облусундагы саламаттыкты сактоо системасын башкаруу боюнча координациялык комиссиясынын чечими менен дары-дармек менен камсыз кылууда мамлекеттик программанын аткарылышынын негизинде үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иш жетишерлик эмес деп табылды.

«Бекер дары-дамек менен камсыз кылуудагы мамлекеттик кепилдик программасынын каражаты Ноокен, Чаткал, Тогуз-Торо райондорундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда канааттандырарлык деңгээлде пайдаланылбаган», - деди Ж.Суранбаева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1343
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×