Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу 17.11.2015 18:43

Жалал-Абаддагы «Алтын-Бешик» бала бакчасы заманбап жабдуулар менен жабдылды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Айгыр-Жал айылындагы «Алтын-Бешик» бала бакчасы заманбап жабдуулар менен жабдылып, бакчанын ички шарты жакшыртылды. Бул тууралуу аталган бала бакчанын башчысы Сабира Алымкулова билдирди.

«Быйылкы жылдын эсебинен бала бакчага ысык суу киргизилип, учурда толугу менен иштеп жатат. Бала бакчада 65 бала тарбияланып, 17 кызматкер эмгектенет.

Биз чет өлкөлүк уюм менен иштешип, бала бакчага 200 метр аралыктагы булактан суу тарттырып келдик», - деди С.Алымкулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×