Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.11.2015 15:18

Кара-Көлдө сарык менен ооругандар 48%га өстү

Turmush -  Кара-Көл шаарында былтыркы жылдын 10 айына салыштырмалуу сарыктын «А» түрү менен ооругандар 27 учурга көп катталып, көрсөткүч 48%га өскөн. Бул тууралуу Кара-Көл шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл аталган оору менен 52 адам катталса, анын ичинде 14 жашка чейинки мектепте окуучулары жана бала бакча жашындагы балдар да бар.

Кара-Көл шаарында өткөн жылдын 10 айында ичеги-карын оорусу менен 42 адам ооруса, ушул жылы көрсөтүлгөн убакытта 71 учур катталып, ооруга чалдыккандар 41%га өскөн.

«Алардын ичинде 14 жашка чейинки өспүрүмдөр көп катталып, бир үй-бүлөдө 2-3төн жаш балдар ичеги-карын ооруусу менен жабыркаган учурлар кездешүүдө. Буга бир себеп катары өздүк гигиенанын сакталбагандыгын йатсак болот», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×