Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 11.11.2015 16:49

Токтогул райондук сотунун судьясы М.Шералиев мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев 5-ноябрда Жалал-Абад облусундагы Токтогул райондук сотунун судьясы Мырзабек Шералиевди ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Мындай чечим Соттор кеңеши берген сунуштун негизинде кабыл алынган.

Мурдараак Соттор кеңеши М.Шералиевди жарандардан түшкөн арыздануунун жана Кеңештин 2015-жылдын 13-мартындагы эскертүү берүү жөнүндөгү чечиминин негизинде кызматтан бошотууну чечкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×