Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Кара-Суу аймактык ооруканасында майыптарга бекер бериле турчу дарылар 2 айдан бери берилбей жатат, - айыл тургуну

Turmush -  Аксынын Кара-Суу айылынын тургуну Кара-Суу аймактык ооруканасында майыптарга бериле турчу дарылар берилбей калганына нааразы.

Кара-Суу айылынын тургуну Өмүрбек Бегимкулов биринчи топтогу майып. Ал буга чейин жардам иретинде ооруканадан дарыларды алып турган. Бирок 2 айдан бери майыптарга берилчү дарылар берилбей калган.

«Кара-Суу аймактык ооруканасында жатып дарыланган майыптарга буга чейин дары-дармектер берилип келген. 2 айдан бери бекер дарылар берилбей жатат. Дарыгерлердин айтымында, текшерүү келип Кара-Суу аймактык ооруканасында невропотолог дарыгерлердин жетишпестигин айтып, бекер дары берүүнү токтоткон. Бул ооруканага келип дарыланып жаткан майыптарга кыйынчылык жаралууда. Оорукананын жетекчилигине кайрылганыбыз менен жыйынтык чыккан жок», - деди Ө.Бегимкулов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1828
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×