Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 10.11.2015 15:10

Кара-Көл шаардык балдардын музыкалык мектебинин 53 жылдык тарыхынан фоторепортаж

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында мындан 53 жыл мурун ачылган балдар музыкалык мектебинде бүгүнкү күндө 111 окуучу билим алып, 9 мугалим эмгектенет. Мектепте комуз, фортепиано, кыякчы класстары бар, деп маалымдайт аталган мектептин жамааты Turmush басылмасынын кабарчысына.

Берилген маалыматка ылайык, мектепти Петр Морозов негиздеп, алгачкы директору болгон. Ал орус элинин улуттук аспаптарында ойногондуктан, баян, аккордеон аспаптарында ойногон музыканттардан оркестрдик топ түзгөн.

Ал топ ошол кездеги шаардага малданий иш-чараларга тынымсыз катышып турган.

1970-жылы мектепте комуз классы ачылып, окуучулардын саны 200гө жеткен.

Анын биринчи мугалими Коргол Досуевдин окуучусу, акын, комузчу Өзүбек Рысбеков болгон.

Р.Өзүбековдун көптөгөн аткарган обондору, күүлөрү кыргыз музыкасынын алтын фондунда жазылып калган.

Ал көптөгөн окуучуларды тарбиялап, мыкты чеберчиликте сабак бере алган. Андан билим алган окуучулар Ж.Карагулов, Т.Табалдиев, Ш.Өмүрсаидов музыкалык чоң окуу жайын бүткөндөн соң мектепке кайтып келип, жаштар менен билимин бөлүшүүдө.

Кара-Көл шаардык балдар музыкалык мектебинин муктаждыктары ата-энелердин төлөмүнүн негизинде каржыланат.

Каражат имараттын оңдоп-түздөө иштерине, музыкалык аспаптарды, атайын формаларды сатып алууга жумшалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×