Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 10.11.2015 13:22

Айыл турмушу: Кара-Көл шаарындагы үйлөнүү тойдун жүрүшү — «Лексустардан» түзүлгөн кортеждер, оператордун кызматы жана үлпөт көйнөктүн баасы (фото)

Turmush -  Күз. Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарынын тойканаларында күнүгө той үзүлбөй, көчөлөрдө үйлөнүү үлпөт сейилдөөлөрү көбөйүп турган кез.

Кара-Көл шаарында акыркы учурларда заманбап үлгүдөгү, окшош, бирдей түстөгү 6-7 унаа менен кортежге чыгуу адатка айланган.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалым болгондой, көпчүлүк учурда үйлөнүү тойдо кыздын көйнөгүн баланын ата-энеси үлпөт салондорунан ижарага алып беришсе, кортежде эң негизги жаш жубайлар отуруучу унааны күйөө жолдош жалдап чыгат. Андан башка кортежге чыккан унаалардын чыгымын жигиттин достору көтөрөт.

Кортеж менен сейилде жүргөн жаш жубайлар менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

«Биз үлпөт көйнөгүн 6 миң сомго ижарага алдык. Ал эми биз отурган унаанын чыгымдарын күйөө жолдош көтөрсө, калган унаалардын чыгымдарын досторум көтөрүүдө»,- деди Нурсултан менен Айгерим.

Ошондой эле жаңыдан үй-бүлө очогун тутантып жаткан Адилет менен Айжамалдын айтымында, үйлөнүү тоюн өткөрүү, ак көйнөк кийип кортежге чыгуу көпчүлүк жаштардын кыялы.

Ал эми чубалган кортежди тасмага, сүрөткө тартып жүргөн оператор Өмүрбек Сайназаровдун айтымында, үлпөт тойлордун көпчүлүгү кортеж менен коштолуп андан соң кафеде уланат.

«Жалпы үйлөнүү тойду баштан аяк, түнкү саат 00:00го чейин тартып, монтаждап бергенибиз 6 миң сом. Ал эми кортежи жок эле кафенин ичиндеги үйлөнүү, сүнөт, кыз узатуу, тушоо кесүү, үй тойлорду кечки саат 18:00дөн баштап түнкү 00:00-13:00гө чейин тартканыбыз 5 миң сомду түзөт. Андан сырткары үйлөнүү тоюнда кызды башка шаардан алып келген учурларда 1 миң сом кошулат», - деди оператор Ө.Сайназаров.

Кортежге чыккан кымбат баалуу унаалардын биринин ээси, 65 жаштагы Кара-Көл шаарынын тургуну, пенсионер, 42 жылдан бери айдоочулук кесипти аркалап келе жаткан Макен Телтаевдин айтымында, жалаң «Лексус» айдагандар бир бригада болуп уюшуп алып, үйлөнүү тойлорго буюртма түшкөндө кортежке чыгып турат.

«Бизге бирдей түстөгү, окшош үлгүдөгү унаалар керек деп буюртма беришет. Биздин топто жалаң «Lexus RX 330» үлгүсүндөгү унааларды айдагандар чогулганбыз. Бир айда орточо эсеп менен 3-4 жолу кортеждерге чыгып турабыз. Ар бир той менен өз ара келишим түзүп алабыз. Мисалы бүгүнкү тойго 2 миң 500 сомго чыктык», - деди М.Телтаев.

Өткөн жылы «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаалар менен кортежге чыгуу адатка айланган болсо, быйыл «Lexus» үлгүсүндөгү унааларга талап көп, деп кошумчалады ал.

Ал эми «Лимузинди» атайын Жалал-Абад шаарынан 25 миңден 30 миңге сомго чейин жалдап келишет.

Кара-Көл шаарында үйлөнүп жаткан жаш жубайлардын сейилдөөсү шаардык мэриянын имаратынын алдына, жаштар аллеясына, Жээн-Кыштоодогу Нарын дарыясынын үстүндөгү көпүрөгө жана «Достук» заводуна баруу менен коштолот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×