Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 10.11.2015 10:42

Айыл турмушу: Кара-Көлдө 10 жылдан бери машыктыруучу болуп эмгектен В.Венгловский коомчулукту баскетболду өнүктүрүүгө чакырат

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Владислав Венгловский 10 жылдан бери шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинин баскетбол боюнча машыктыруучусу болуп эмгектенет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

В.Венгловскийдин айтуусунда, ал 32 жылдан бери Кыргызстанда спорттун өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Алгач 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун (КГИФК) бүтүргөн соң 22 жыл Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда дене тарбия жана спорт жаатында ага окутуучу болуп иштеген.

«Биз баскетболду кайра баштан жандандырып, өнүктүрүүбүз керек. Спорттун бул түрү биздин келечек муунга өтө керек. Кара-Көлдө баскетболго жакшы көңүл бурулбай жатат. Менимче бүтүндөй өлкө боюнча баскетболго волейболго болгондой мамиле жасалбайт. Айрыкча баскетбол ойногон кыздарыбызды өстүрүш керек. Маселен бүгүнкү күндө баскетбол менен машыгып жаткан 8-9-класстын кыздары бар. Алардын ата-энелери көбүнчө сыртка чыкканда каршы болот. Алар балдары үчүн кабатырланып жаткандыгын мен түшүнөм. Ошол себептен жергиликтүү бийлик бизди колдоп берсе жакшы болмок. Алар жардам берүүдө, бирок башка жерлерде боло турган мелдештерге барууда ар дайым кыйынчылык менен акча бөлүп беришет», - дейт машыктыруучу.

«Ал эми мен машыктырган балдар баскетбол боюнча жакшы ийгилик жаратып келүүдө. Ошондой эле, Майлуу-Суу шаарынын баскетболчу кыздары абдан күчтүү, ар дайым тынбай турнирлерге катышып келишет. Алар акча каражаты менен жетишерлик деңгээлде каржыланган. Командада ойногон кыздары дагы оюнда өзгөчөлөнүп турушат. Алардын ойноо тактикасы дагы так, бир калыпка түшүп калган. Облустук, республикалык мелдештерде мыкты оюн көрсөтүшүп, алдыңкы орундарды ээлеп келүүдө», - деди В.Венгловский.

Ошондой эле, ал: «Учурда чылым тарткан кыздар бар. Кара-Көлдө андай көрүнүш жок, бирок борбордон көрүп эле жүрөбүз. Эгер биз спортту өнүктүрүп, келечек муунду пайдалуу сабактарга тартпасак, аз жылда бизде дагы ачык чылым тарткандар пайда болушу мүмкүн. Менин 5-6-класстардын кыздарынан команда түзөйүн деген оюм бар. Аларды баскетболго кызыктырсак, 8-9-класста алардан мыкты оюнчулар чыгат. Келечекте алар Кара-Көлдүн гана эмес Кыргызстандын курама командаларында ойноп, мыкты спортчу болушат», - деген оюн кошумчалап, өзү эмгектенген балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинин жетекчилеринен да колдоо күтөрүн билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×