Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.11.2015 15:14

Кара-Көлдүн окшош жашоочуларын жердештери гана эмес кесиптештери да алмаштырып, кызыктуу окуяларга туш болушат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын бет түзүлүшү окшош тургундары Улан Чыналиев менен Бакыт Кулжыгачовду жердештери гана эмес кесиптештери дагы алмаштырып, кызыктуу окуяларга туш болуп келишет. Алар бир шаарда төрөлүп, учурунда бир көчөдө чоңоюп өскөн ага-ини десек да болот. Бүгүн алар Turmush басылмасынын кабарчыcына ошол кызыктуу окуялардан айтып беришти.

«Бир жолу ооруканада жатсам электрик бала мени көрүп: «Улан аке, тиш доктур Бакыт сизге окшош, экөөңөр аябай окшошсуңар», - деп айтты. Кечинде ийне сайдыртып, ооруканадан чыгып үйүмө жөнөп калдым. Таксиде баратсам баягы электрик бала дагы жолугуп калып: «Бакыт, кандайсын? Сен жанагы Улан байкеге абдан окшошсун, ал ооруканада жатат дарыланып», - деп дагы мага айтып жатат. А мен эч нерсе дебей күлүп кетип калдым», - дейт Кара-Көл шаарынын аскер комиссарынын орун басары, 42 жаштагы аскер кызматкери Улан Чыналиев.

«Мен анда ишкерлик тармагында иштечүмүн. Материал алганы Жалал-Абад шаарына барып калдым. Унаа бекетинде турсам аскер кызматкерлери келип "Улан, кандайсың"? - дешти. Мен күлүп айткыча болбой колдон жетелеп кафеге алып кирип кетишти. Тамак алып келишти, жилик тартышты, жакшы-жакшы каалоо-тилектерин айтышты. Анан жеп-ичип ошол бойдон баса бердим. Кара-Көлгө келерим менен Улан байкеге жолугуп айтып бердим. Ал аябай күлдү», - дейт Б.Кулжыгачов.

«Мен таң калам. Өзүнүн дайыма көрүп жүргөн кесиптештери алмаштырса, анда башкасын айта албайм», - деп күлөт Кара-Көл шаарынын 39 жаштагы тургуну, тиш доктур Б.Кулжыгачов.

У.Чыналиев 1973-жылы туулган. Ал Б.Кулжыгачовдун агасы менен классташ. Ал эми Б.Кулжыгачов 1976-жылы туулуп, У.Чыналиевдин иниси менен классташ.

«Артык деген дагы үчүнчүбүз бар. Аны көргөндөр дагы тиш салып бер, армиядан алып калбайсыңбы деп кайрыла беришет. Улан байкени айтпай эле коеюн, мени көргөндө да баламды армиядан алып калчы деп кайрылгандар көп. Же болбосо Улан байкеге да тиш салып бербейсиңби деп айткандар көп кездешет. Бири-бирибизди көргөндө айтып, күлүп калабыз», - дейт Б.Кулжыгачов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×