Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 06.11.2015 19:09

Айыл турмушу: Убагында С.Ротару сыяктуу белгилүү ырчылар концерт койгон Кара-Көлдөгү «Энергетик» маданият үйүнүн тарыхы (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын «Энергетик» маданият үйүнүн курулушуна катышкан шаардык кеңешинин 4-чакырылышындагы депутаты, шаардын ардактуу адамы Адыл Дарбишев «Энергетик» маданият үйүнүн тарыхы тууралуу Turmush басылмасына айтып берди.

Анын айтымында, «Энергетик» маданият үйүнүн курулуш чиймеси, куруу конструкциясы өтө татаал жана оор болгон. Эки канаты атайын хор, бий ийримдери жана китепкана үчүн курулган. Экинчи кабатында бий ийрими үчүн курулган залынын конфигурациясы татаал болгон. Имараттын жасалгасына кымбат мрамор, гранит материалдары колдонулган. Маданият үйүн курууга катышкан Граб Илья экинчи даражадагы «Даңк» ордени менен сыйланган.

1976-жылы 5-ноябрда «Энергетик» маданият үйүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болгон. Анда бир нече ийримдер ачылган. Мындан сырткары, «Эксперимент» деген вокалдык, эстрадалык ансамбль, балдар музыкалык ийримдери да пайда болгон.

«Союз мезгилиндеги атактуу ырчылардан София Ротару, Лев Лещенко, А.Макаревич бий ансамбли менен келип, концерт койгон. «Энергетик» маданият үйүндө белгилүү инсандар Турдакун Усубалиев, атактуу жазуучу Чынгыз Айтматов, белгилүү кино актер Сүймөнкул Чокморов, Советтер союңуна атагы чыккан космонавттар Камаров, Лионовдор катышкан иш-чаралар өткөн. Кыргыздардын опера ырчысы Болот Миңжылкыев да келген»,- дейт А.Дарбишев.

Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Жолдошованын айтымында, маданият үйү бүгүнкү күндө Кара-Көл шаарында кандай гана мамлекеттик иш-чара өтпөсүн аппараттык, алып баруучулук жана концерттик жактан шаар элин тейлеп, андагы иштеген кызматкерлер эс алуусуз эмгектенип келишет.

Бүгүнкү күндө «Энергетик» маданият үйүнүн директору Эшим Калбеков 9 кызматкерди жетектеп, үзүрлүү эмгектенүүдө. Бул маданият үйүнүн эң биринчи жетекчиси Анатолий Зайцев болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×