Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 06.11.2015 12:34

Айыл турмушу: Таш-Көмүрдүн тургуну К.Музалдиев 45 жылдан бери дене тарбия мугалими болуп, 5 баласын спорт менен өстүрдү (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарынын билим берүү тармагында 45 жылдан бери дене тарбия мугалими болуп иштеп келе жаткан Канат Музалдиев баскетбол боюнча мыкты оюнчуларды тарбиялап келет.

К.Музалдиев Turmush басылмасына билдиргендей, ал 1970-жылдан бери Таш-Көмүр шаарындагы №12,3,4 орто мектептерде дене тарбия мугалими болуп эмгектенген.

Токтогул атындагы №4 орто мектебинин окуучуларынан куралган баскетбол боюнча команданын оюнчуларынын айтымында, Канат Музалдиев сабакты абдан кызыктуу өтөт.

«Баскетбол боюнча машыктырган командалар шаардык, облустук, республикалык деңгээлдеги спорттук оюндарда алдыңкы орундарды ээлеп келет», - дешти оюнчулар.

К.Музалдиевдин 5 баласы бар. Баары тең спорт менен машыгып, күрөш, бокс, футбол, баскетбол ойношот. Ал 7 неберенин чоң атасы.

26

25

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×