Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 06.11.2015 12:14

Айыл турмушу: Кара-көлдүк спортчу Н.Акылбеков Бразилияда өтө турган олимпиадалык оюндарга даярданууда (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 18 жаштагы тургуну Акылбеков Нурис эркин күрөш боюнча Кыргызстандын намысын эл аралык олимпиадалык оюндарда коргоп келет.

Н.Акылбеков Turmush басылмасына билдиргендей, ал 1995-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн.

Үй-бүлөдө 3 уулдун ортончусу, 18 жашында спорттун чебери аталган. Учурда Бишкек шаарындагы олимпиадалык резервдеги окуу жайында билим алууда.

«Бош убактымда достор менен футбол ойногонду жактырам. Учурда Бразилияда өтө турган олимпиадалык оюндарга даярдык көрүүдөмүн», - деди Нурис Акылбеков.

Ал Түркиянын Стамбул шаарында 21-октябрдан 26-октябрга чейин өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште 2-орунга ээ болуп кайткан.

22

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×