Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 06.11.2015 11:41

Айыл турмушу: Таш-көмүрлүк Нуриза 3-классында баскетбол, волейбол боюнча «Мыкты оюнчу» наамына ээ болду (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарынын №4 орто мектебинин 7-классынын окуучусу Маратбек кызы Нуриза баскетбол, волейбол оюндары боюнча «Мыкты оюнчу» деген наамга ээ болгон.

Нуриза менен чогуу ойногон кыздардын айтымында, 2011-жылы Таш-Көмүр шаарында баскетбол боюнча кыздар арасындагы мелдеште Нуриза мыкты оюн көрсөткөн. Анда ал 3-класстын гана окуучусу болчу.

«Бир жумада 5 күн волейбол жана баскетбол менен машыгам. Мага спорттун бул эки түрү абдан жагат. Үйдө 2 кызбыз. Атам, апам, эжем спорттон алыс адамдар. Мектепте сабакты жакшы окуйм. Көбүнчө музыка, дене тарбия, кыргыз тили жана адабияты сабактарын жактырам. Келечекте башталгыч класстын мугалимм болгум келет», - дейт ал.

Кечээ, 5-ноябрда Кара-Көл шаарында өткөн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 91 жылдыгына арналган шаарлар аралык баскетбол боюнча мелдеште Нуриза өз командасы менен бирге мыкты оюн көрсөттү.

Нуриза башкалардан айырмаланып, сол колу менен көп упай топтогону көпчүлүктү таң калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×