Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.11.2015 17:24

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн 49 жаштагы тургуну А.Жолдошева маданият тармагында бир нече кызматты аркалайт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 49 жаштагы тургуну Айнагүл Жолдошева 27 жылдан бери маданият тармагында эмгектенип келет.

А.Жолдошева Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал 1966-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Алгач эмгек жолун 1983-жылы Казакстандын Красногорский районундагы «Гвардейский дом офицеров» оркестринде солист болуп иштөөдөн баштаган.

1988-жылдары Фрунзедеги Мояковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыка бөлүмүн бүтөргөн. 1988-1992-жылдары Токтогул районунун Кызыл-Туу айылындагы мектеп-гимназиясында музыка мугалим болуп иштеген.

1992-94-жылдары Кара-Көлдүн №1 мектебинде, 1994-2003-жылдары №4 орто мектепте музыка сабагынан окуучуларга билим берген. 2003-2005-жылдары Кара-Көл шаарынын маданият бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Бул иштерди алып баруу менен бирге Кара-Көл шаарындагы университетинде көркөм жетекчи, бала бакчада музыка мугалими жана маданият үйүндө методист болуп иштеген.

Учурда 2014-жылдын октябрь айынан баштап Кара-Көл шаарынын маданият бөлүмүнө кирген борборлоштурулган шаардык китепкананы, балдар музыкалык мектебин жана 38 маданият кызматкеринен турган маданият үйүн жетектеп келет.

«Мен өзүм пианинодо, баянда жана комузда ойноймун. Биздин Кара-Көл шаарынын маданият тармагында ар тараптан өнөрлүү, таланттуу адамдар иштеп келет. Кандай гана шаардык иш-чара болбосун биз өткөрөбүз», - деди Айнагүл Жолдошева.

Ошондой эле, ал 1994-жылдан бери тамада болуп тойлорду алып баргандыгын билдирди. «Бир айда орточо эсеп менен 3-4 той алып барам», - дейт А.Жолдошева.

А.Жолдошова көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси. 2005-жылы Маданият жана маалымат министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин алган.
2014-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисинин ээси.

1997-жылы Жалал-Абад облустук «Мырза айым» сынагынын жеңүүчүсү, 2007-жылы облустук деңгээлде өткөн «Кыргыз айым» сынагынан биринчиликти жеңип алган.
Бир катар шаардык мэриянын, облустук жана маданият министирлигинин Ардак грамоталарына ээ болгон. 2007-жылы презенттин акчалай сыйлыгынын ээси болгон.

А.Жолдошеванын 1 уулу, 1 кызы жана 3 небереси бар.

80

78

81

79

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×