Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 05.11.2015 15:37

Айыл турмушу: Аксылык сүрөтчү Э.Абдырахманов миңге жакын сүрөт тартып, аларды сатыкка койду (фото)

Turmush -  Аксы районунун Чие айылынын тургуну, сүрөтчү Элмар Абдырахманов миңге жакын сүрөт тартып, аларды сатыкка койду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Э.Абдырахманов тарткан сүрөттөрдө жаратылыштын кооздугу басымдуулук кылат. Ал көпчүлүк сүрөттөрдө Аксы жеринин кайталангыс кооздугун чагылдырган. Жаратылыштын сүрөтүн тарткандан сырткары, адамдын сүрөтүн тартууга дагы эмгегин жумшап келет. Ал өзүнүн сүрөтүн күзгүдөн карап тарткан жайы бар.

«Чыгармачылык менен иштөөдө талбаган эмгек керек, ошондой эле, адамдын ички дүйнөсүн көрө билген психолог болуш керек», - дейт сүрөтчү.

Ал акыркы 10 жыл аралыгында чыгармачылыктан алыстап кеткен. Анткени, айылдагы чарбалык иштер менен алек болгон. Эми 10 жылдан кийин кайрадан чыгармачылыкты өркүндөтүүнү колго алды. Алдыда жеке сүрөт көргөзмөсүн өткөрүүнү пландоодо.

Э.Абдырахманов белгилүү инсандар Алыкул Осмоновдун, Жунай Мавляновдун жана Алай ханышасы Курманжан датканын сүрөтүн тарткан. «Тарыхый орду чоң улуу инсандарды тартууда чоң жоопкерчиликти сездим. Эмгегин баалагандар сатып алып кетишет», - дейт ал.

Айылдык сүрөтчү бош убактысында гитара ойноп, ыр ырдайт. Акыркы убакта аккордеон ойноону үйрөнүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×