Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.11.2015 14:27

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн 46 жаштагы тургуну Т.Тоялиев 22 жыл милицияда иштеп, «боорукер милиционер» деген атка конгон (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 46 жаштагы тургуну Таалай Тоялиев 22 жылдан бери кыргыз милициясында иштеп келет.

Т.Тоялиев Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал 1969-жылы Токтогул районунун Кызыл-Туу айылында төрөлгөн. 1986-жылы Куйбышев атындагы орто мектепти аяктап, 1988-1991-жылдар аралыгында советтик армиянын катарында Тынч океан флотунда аскер кызматын өтөгөн.

1997-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетине караштуу Кара-Көл шаардык политехникалык институтунун технология, машина куруу факультетин бүтүргөн.

1993-жылы Кара-Көл ШИИБге караштуу Жол кайгуул кызматында катардагы кызматкер болуп эмгектенип баштаган. 1994-жылы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүндө тескөөчүнүн жардамчысы, 1995-1996-жылдары убактылуу кармоочу жайдын милиция кызматкери болуп, 1997-2007-жылдары күзөт бөлүмүндө эмгектенген.

2008-2013-жылдары Токтогул РИИБде жол кайгуул кызматында иштеген. 2013-жылы Таш-Көмүр ШИИБде милиционер конвоир болуп, 2014-жылы Кара-Көл ШИИБде камсыздоо бөлүмүндө эмгектенген. Быйыл Кара-Көл техникалык институтунун юридика факультетин  аяктады.

Кара-Көл шаарынын тургундары Т.Тоялиевди «боорукер милиционер» деп аташат.

«Таалай абдан адамгерчиликтүү милиционер. Дайыма күлүп-жайнап, баары менен тегиз учурашат. Милиционермин деп бирөөнү коркутуп же жаман сөз сүйлөгөнүн көрө элекпиз. Жол кайгуул кызматында иштеп жүргөндө жол кыймылынын эрежелерин бузган адамга алгач эскертүү берип, билбегенге акыл-насаатын айтып кетирген учурлары көп болгон», - дешет жергиликтүүлөр.

Үйдө үлгүлүү ата. 2 уулубуз бар, балдарын катуу кармайт, деп кошумчалады анын жубайы. «Милиция болуп иштегенине байланыштуу көп убактысын ишинде өткөрөт. Эрте кетип, кеч келет. Ар дайым коомдун кызматында жүрөт», - деди жубайы Ч.Кадыралиева.

Т.Тоялиев бош убактысында спорт менен машыгып, теннис ойнойт.

62

61

60

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×