Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.11.2015 13:21

Айыл турмушу: Жалал-Абаддын 60 жаштагы тургуну Р.Абдрахманов 45 жылдан бери жыгач устачылык менен алектенет (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 60 жаштагы тургуну Р.Абдрахманов жыгач устачылык кесибин 15 жашынан баштаган. Р.Абдрахманов Turmush басылмасына билдиргендей, бул өнөрү менен 45 жылдан бери үй эмеректеринен тарта бешикке чейин жасайт. Жасаган бешиктерин 3-5 миң сомго чейин сатат.

«Элде бешикти соодалашпайт деген ырым бар, ошон үчүн эл кандай баага сураса ошончого берем. Колунда жок адамдарга арзан баада эле сунуштайм. Бир айда буйрутма менен 20га жакын бешик жасайм», - дейт ал.

«Эмеректердин баары карагайдан жасалат. Устачылык менен эле үй-бүлөмдү багып, короо жайларымды оңдодум. Улгайып калсам да бул өнөрчүлүк менен алектенем, мага жагат, бул ишти жасоодон ырахат алам. Балдарыма да үйрөтүп жатам», - деп кошумчалады уста.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×