Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.11.2015 18:52

Айыл турмушу: Жалал-Абаддын тургуну А.Убайдуллаев айына 20дан ашык сандык жасайт (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын тургуну Абдулазиз Убайдуллаев 25 жылдан бери сандык жасап, үй-бүлөлүк кирешесин толуктап келет.

А.Убайдуллаев Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал сандыктардын түрүн жасайт. Анын баасы 2000 сомдон 3000 сомго чейин баланат. Айына 20дан ашуун сандык жасоого буйрутма алат.

«Азыр той мезгили болгон үчүн сандыктар жакшы өтөт. Негизинен күз мезгилинде жакшы иштейбиз. Сандык жасоо менен катар сатууну да колго алабыз. Анпесек, үй-бүлө багуу кыйынга турат», - дейт ал.

«Сандыктары негизинен карагайдан жасалат. Себеби, ал бышык жана ийкемдүү болот. Жаңгактан жасалган сандыктын сапаты абдан жакшы болот. Бирок, жаңгакты кыюуга тыюу салынгандыктан андан жасалбай калды. Ошон үчүн негизинен карагай менен жасоо колго алынган», - деп кошумчалады А.Убайдуллаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×