Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 04.11.2015 15:06

Айыл турмушу: Сузак районунун тургуну Ф.Тойчиев күрүч тазалоонун сырларын айтып берди (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Камыш-Башы айылынын тургуну Фархад Тойчиев күрүч тазалоо менен алектенип, үй-бүлөлүк кирешесин толуктайт.

Ф.Тойчиев Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, күрүч тазалоо мезгили кызуу жүргөн сентябрь, октябрь, ноябрь айларында 20 миң сомго чейин каражат таба алат.

Анын айтымында, Камыш-Башы айылындагы күрүч тазалоочу жайда күнүнө 3 тонна күрүч тазаланат. Күнүнө 4төн адам кезектешип иштешет.

«Талаадан жыйналып келген күрүчтү тазалоонун өз баскычтары бар. Алгач күрүчтү таш элегине салабыз, анда күрүчкө аралашкан таштар чыгып кетет. Андан соң, күрүчтүн сырты аарчылат да анан сокуга салынат. Ак күрүч эки жолу сокуга салынганда даяр болот. Кызыл күрүчтү 3 жолу сокуга салганда гана күрүчкө айланат. Бир сокуга 75 килограмм күрүч батат, салынган күрүч 4 саат дегенде күрүчкө айланат», - дейт ал.

Ошондой эле, ал күрүч тазалоонун кыйынчылыгы да бар экендигин кошумчалады.

«Тазалоо учурунда чаң жутуп, суук күндөрү да иштөөгө туура келет. Кээде бир аз сыркоолоп калган күндөр болот», - дейт ал.

Аталган жайда Ф.Тойчиев менен бирге 8 адам иштейт.

Белгилей кетсек, Сузак районунун аймагында күрүч тазалоочу бир топ жайлар бар. Жийде, Кара-Дарыя айылдарында, күрүч эккен аймактарда мындай жайлар көп. Учурда 3 тонна ак күрүчтүн данынан 2 тонна таза күрүч, кызыл күрүчтүн данынан 1,5 тонна таза күрүч алынууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×