Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.11.2015 19:13

Айыл турмушу: Кара-Көлдө кыз узатуу тоюна жана сеп берүү жөрөлгөсүнө кеткен чыгымдар (фото)

Turmush -  Учурда Кара-Көл шаарында кыз узатуу тойлорунун 90%ы кафелерде өткөрүлүүдө.  

Turmush басылмасынын кабарчысы бул жолу Кара-Көл шаарындагы кафелердин биринде өткөн кыз узатуу тоюна кеткен чыгымга, андагы каада-салттарга кызыгып көрдү.

Кара-Көл шаарында кыз узатуу тоюнда «ачуу басар», кыздын калыңы биригип 50 миң сомдон баштап, 70-80 миң сом, орточо эсеп менен 100 миң сом, ал эми эң жогоркусу 150-200 миң сомго чейин чыгым коротушат.

Кара-Көл шаарынын тургуну Нарпаша Алимбекова жакында «Чолпон» кафесине элди чакырып, кызы Перизатты Толубай аттуу жигитке турмушка узатты.

«Кызым менен күйөө балам сүйлөшүп жүрүп баш кошушту. Кудалар дагы Кара-Көлдөн болушат. Алгач баланын ата-энеси менен таанышып, кафеден жолугушуп, сүйлөшүп, той өткөрүүнү алдын ала макулдаштык. Мен аларга илгертен келе жаткан салттын негизинде 10 себет жасап келүүнү, 200 миң сом, атасынын акысына 1 ат, эне сүтүнө 1 уй алып келүүсүн айттым. Кийит кийгизүү салтын алып салууну чечтик. Алар макул болду, айткандарыбыздын баарын алып келишти. Анан биз кыз узатуу тоюн өткөрдүк. Тойдо алгач кызга «сөйкө салуу» салтын аткардык. Тойдо колдон келген жакшылыктарды жасоого аракет кылдык. Тамада аябай шаңдуу алып барды. Тойдо келгендер акчалай кошумча кошушту. Той өзүн актады», - дейт Н.Алимбекова.

Ошондой эле, ал кыз узатуу тоюнан кийин эртеси жеңелери «кыз куумай» салтынын негизинде, кыздын себин алып барышкандыгын кошумчалады.

«Кыздын себине 30 төшөк берилет. Анын ичинде 15  жер төшөк, 15 эт төшөк, 6 даана жаздык, 12 жөлөнгүч, килем бар. Андан сырткары, 5 жарым миң сомдук сандык, анын ичине кыздын кышкы жана жазгы  кийимдери жана бут кийимдери салынат. Заманбап, төө жүнүнөн жасалган жууркан-төшөктөр дагы кошулган. Азырынча эмерек бере элекмин. Бирок,  атайын кызыма камдап койгон белектерим бар. Кир жуугуч машина, сыналгы, муздаткыч, идиш-аяк комплекти менен берем», -  деди Н.Алимбекова.

Мындан тышкары, ал кыз узатуу тоюн үйдөн өткөрүүгө караганда кафеден өткөрүү жеңил экендигин айтты.

«Буга чейин 4 кызымды үйдөн узаткам. Анда заман ошондой эле. Азыр баары учурдун талабына жараша өтүп жатат. Кафеге чакырылган коноктор чогуу келет. Мындай тойлорду кафеде өткөрүү жеңил жана түйшүгү аз болот экен», - деди Н.Алимбекова.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, насыя алуу менен уулдарын үйлөнтүп, кыз узаткандар дагы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×