Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.11.2015 08:31

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну О.Боронбаев 19 жыл милиция кызматында иштеп, сыйлыкка татыды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 48 жаштагы тургуну Оморбек Боронбаев 19 жылдан бери ички иштер органдарында кызмат өтөп келет.

О.Боронбаев Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал 1967-жылы Аксы районунун Кызыл-Жар айылында төрөлгөн.

Жалал-Абад мамлекттик университетине караштуу Көра-Көл политехникалык институтунда технология, машина куруу факультетинде окуган. Инженер-механик кесибинин ээси.

Ал 1989-1995-жылдар аралыгында Нарын гидроэлектр курулушунда механик болуп эмгектенген. 1996-жылдан тарта Кара-Көл ШИИБде милициянын ага сержанты болуп Убактылуу кармоочу жайда иштеп баштаган.

2007-2010-жылдар аралыгында Токтогул РИИБде Терек-Суу айылынын милиция бөлүмчөсүн жетектеген .

2010-жылы Кара-Көл ШИИБде аймактык тескөөчү, 2011-жылы аймактык ага тескөөчү, 2013-жылдын июль айынан Кара-Көл ШИИБдин башчысынын кадрлар боюнча орун басары болуп эмгектенип келет.

О.Боронбаевдин жубайы Рахат Тагаеванын айтымында, жолдошу жумушун абдан жактырат жана ага жоопкерчиликтүү мамиле жасайт.

«1997-жылы баш кошуп, чогуу түтүн булатып келе жатабыз. Орунбектин мүнөзү жумшак, балдарга мээримдүү ата. Ар дайым үйдөгү ишти экинчи планга коюп, элдин коопсуздугу үчүн тартип сакчы болуп эмгектенип келет. Жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле жасайт. Бир жумада 3-4 жолу дасторкондо чогуу үй-бүлөбүз менен тамак ичебиз. Башка убакта күнү-түнү ишинде жүрөт, эс алган күнү аз. Ал үйдө болгон күн биз үчүн майрам. Анын жакшы көргөн тамагын жасап, чогуу олтурабыз. Тамактардан беш бармакты жактырат. Ал иштен келгенде балдарынын баары уйкуда болот. Бирок, ошентсе да уктап жаткан жерлерине барып, эркелетип анан эс алат. Эртең менен эрте жумушка кетип калат», - деди Р.Тагаева.

О.Боронбаевдин көп жылдык эмгеги бааланып, 1-ноябрь кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 91 жылдык майрамына карата Ички иштер министринин буйругу менен «Кыргыз милициясына 90 жыл» медалы менен сыйланды.

О.Боронбаев 3 кыз, 1 уулдун атасы. Учурда милициянын подполковниги.

«Биз жумушта Кумаш деп кайрылабыз. Ишине дайыма жоопкерчиликтүү мамиле кылат. Бирөөгө жаман сөз айтпаган, ар дайым улууну урматтап, кичүүгө ызат көрсөткөн адам катары билебиз», - дешти кесиптештери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×