Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 31.10.2015 11:52

Жалал-Абаддагы чакан жана орто ишканалар пландан ашыкча 45 млн сомдук продукция чыгарды

Turmush -  Жалал-Абад облусунда иштеп жаткан кичи жана орто ишканалар быйылкы жылдын тогуз айында 884,2 миллион сомдук продукция өндүрүү менен анын белгиленген тапшырмасын 105,3%га аткарды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн бөлүм башчысы Ажимамат Исаев билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылга салыштырганда быйыл 44,8 миллион сомдук продукцияны көп алды.

Жергиликтүү калктын ишмердүүлүгү менен чыгарылган продукциянын көлөмү 395,7 миллион сом болсо, ал өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырганда 123,8%га орундатылды же 76 миллион сомдук продукция көп өндүрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×