Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу 31.10.2015 11:18

Жалал-Абаддан Иран өлкөсүнө быйылкы жылдын 9 айында эки эсе көп продукция жөнөтүлдү

Turmush -  Жалал-Абад облусунан Иран Ислам Республикасына быйылкы жылы өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көп же 2387,5 миң АКШ долларлык сүт азыктары, жаңгак жана жумуртка жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Ажимамат Исаев билдирди.

Анын айтымында, облуста быйылкы жылы өндүрүлгөн баасы 6,296, 2 миң долларга барабар же өткөн жылдын 9 айына салыштырганда 105,8%га көп пахта буласы жана электр шаймандары Россияга жөнөтүлдү.

Ал эми Түркияга жиберилген кургатылган мөмө-жемиштер менен пахта буласы жана электр шаймандары былтыркы жылдан 197,6%га көп болду жана 5,175, 7 миң АКШ долларын түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×