Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу 30.10.2015 13:40

Жалал-Абадда быйыл 120 майда ишканалар, цехтер ачылып, 2 миңге жакын жумушчу орун пайда болду

Turmush -  Ушул жылдын тогуз айында ишке жаңы кирген ишканалардын эсебинен Жалал-Абад облусу боюнча өнөр жай тармагында 1251 жаңы жумушчу орун пайда болду. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаев билдирди.

Анын айтымында, өнөр жай тармагында пескоблок, пилорама, кондитердик жана ун азыктарын иштеп чыгаруучу 30дан ашуун майда, кичи ишканалар, цехтер ачылды.

Ал эми кызмат көрсөтүү, элди тейлөө, соода тармагында 90дон ашуун объектилер пайдаланууга берилүү менен бул тармактар менен чакан өндүрүштөрдө 1076 жумушчу оруну пайда болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×