Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 30.10.2015 18:15

Айыл турмушу: 1 тоннага чейин эт берген «сментал» породасындагы букаларды жана «гиссар» койлорун баккан ала-букалык Элбек (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Тельман айылынын 20 жаштагы тургуну Элбек Ортиков «сментал» породасындагы букаларды багып, аларды семиртип сатууда, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Э.Ортиковдун айтымында, ал «сментал» породасындагы букаларды Канададан алдырган. Бул букалардын өзгөчөлүгү бат чоңоюп, 1 тоннага чейин эт берет.

Мындан тышкары, жаш фермер «гиссар» породасындагы койлорду дагы багат.

«Бул койлор абдан куйруктуу келип, эгер жакшы багылса 100 килограммга чейин эт берет. Учурда койлордун санын көбөйтүүнү пландап жатам», - дейт ал.

Ошондой эле, Э.Ортиков Малайзиядан «брама» породасындагы тоокторду алдырып, аларды көбөйтүп, 1 даана жумурткасын 100 сомго чейин сатат.

Ал элде жок канаттуу Америкадан алынган цесарканын (тоок түркүмүндөгү бакма куштун бир түрү) жумурткасын үндүккө бастырганын белгиледи.

Ошондой эле анын чарбасына кызыгып, алыстан издеп келишип, каалаган жандыктарды жана канаттууларды көбөйтүү максатында сатып алган жарандар арбын экендигин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×