Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 29.10.2015 19:00

Айыл турмушу: Милиция кызматында 32 жыл иштеп, пара албаган кызматкер катары таанылган подполковник К.Нурумбетов батирге муктаж (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 50 жаштагы тургуну, милициянын подполковниги Кочкорбай Нурумбетов 32 жыл кыргыз милициясында кызмат кылган.

Милициянын ардагери К.Нурумбетов Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал 1965-жылы Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында төрөлгөн. 11 жашында ата-энесинен ажыраган, 3 бир туугандын кенжеси. 1983-85-жылдар аралыгында Россиянын Наро-фоминск шаарында аскер кызматын өтөгөн. 1985-1991-жылдары Новокузнецк шаарындагы Металлургия институтунун механикалык факультетин аяктап, механик-инженер кесибине ээ болгон.

Институтта жаш кадр болуп иштеп калуу өтүнүчүн четке кагып, өз элине кызмат өтөө максатында Кыргызстанга келген. Кичинекей кезиндеги кыялын оорундатып, алгачкы эмгек жолун 1993-99-жылдар аралыгында Жаңы-Базар айылынын паспорттук столун жетектөөдөн баштаган.

Билимин жогорулатуу максатында 1996-98-жылдары Улуттук университетинин юридика факультетинин күндүзгү сырттан окуу бөлүмүн бүтүргөн. Ал 1999-2002-жылдары Чаткал районунда тергөөчү, 2002-2004-жылдары Ала-Бука районунун ички иштер бөлүмүндө тергөөчү, бир жылча ушул бөлүмдүн нөөмөт бөлүмүндө иштеген. 2005-2009-жылдары Чаткал районунда, 2009-жылы Кара-Көл ШИИБдин жетекчисинин кадрлар боюнча орун басары болуп иштеген.

2013-жылы Жалал-Абад ОИИБге ишке чакырганына карабастан, жаштарга орун берүү максатында өз арызынын негизинде милициянын ардагери болуп, пенсияга чыккан.

«Үй-бүлөдө камкор, мээримдүү ата. 3 кызын жанынан артык көрүп, бирин дагы катуу урушкан эмес. Бир мүнөз, намыскөй, жумушунда өтө таза иштеген, ар бир адамдын көйгөйүн жүрөгүнөн өткөргөн адам. Кыздарын кичинесинен эмгекчил, билимдүү, намыскөй, чынчыл, жөнөкөй болгула деп үйрөткөн. Экөөбүз бир айылдан болобуз, бир мектепте окуганбыз. Мектепти бүткөндөн соң, ал Россияда билим алды, мен Фрунзеде жогорку окуу жайда окудум. Бирок, кудайдын буйругу экен экөөбүздү турмуш кайра кошту», - дейт жубайы Райкан Иманалиева.

К.Нурумбетовду Кара-Көл эли таза иштеген, пара албаган милиция кызматкери катары билишет. Ага далил катары ушул убакка чейин анын батирден батирге көчүп жүргөнүн айтса болот. Ал милиция кызматынан кеткен соң, Россияда курулуш иштеринде иштеп келгендин да белгиледи.

«Россияда орустар менин кара жумушта иштеп жатканымды көрүп, «Силерде милициянын ардагерин, подполковнигин колдошпойбу? Эгерде бизде иштесеңер мамлекет колдоого алмак» деген сөздөрүн угуп, абдан намыстандым», - дейт ал.

«Биздин 3 кызыбыз бар. Кыздарымдын баары билимдүү, мыкты окушат. Бирок, тун кызыбыз Мээрим Бишкекте ийгиликтүү окуп жаткан жеринен, «силерге үй сатып берем» деп, атасы экөөбүздүн каршы болгонубузга көнбөстөн, окуусун сырттан окуу бөлүмүнө которуп, учурда Москва шаарында эмгектенүүдө.

Кыргызстанды кыдырып иштесек да, кайсыл жерде болбойлу мамлекетке кызмат өтөдүк. Милиция менен мугалимдин айлыгына үй сатып алуу мүмкүн эместигин айтсам, көбү ишенбейт. Кайсыл жерде иштебейли жергиликтүү бийликке кайрылып, үй бөлүп берүүнү өтүнүп келебиз. Бирок, бул маселеге кош көңүл мамиле жасашат.

Кара-Көл шаарында отурукташып калганыбызга байланыштуу, шаардын бийлигине да кайрылып, үйгө муктаж адамдардын катарында жолдошум экөөбүз тең кезекке туруп келебиз. Бирок, Кара-Көл шаарынын бийлиги «ушул жашка чейин келип силердин кантип эле өз үйүңөр жок болсун» деп таң калышкан. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, айлыгыбызга үй ала албагандыктан, батирден батирге көчүп келебиз», - деди Райкан Иманалиева.

Учурда К.Нурумбетов Бишкекте республикалык МСЭКте юрист-кеңешчи болуп иштөөдө. Атасынын жолун эң кичүү кызы Арууке жолдоп, болочок юрист болууну каалайт. Ортончу кызы Айкерим билимдүү, учурда Кыргыз Манас университетинде өз күчү менен окууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×