Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 28.10.2015 13:24

Айыл турмушу: Ала-букалык Мавлюда айым 100дөн ашуун арча өстүрүп, дарактарын түрдүү формада кыркат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 57 жаштагы тургуну Мавлюда Кенжеева учурда 100дөн ашуун арча өстүрүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

М.Кенжееванын айтымында, ал 15 жылдан бери багбанчылык менен алектенет. Учурда 100дөн ашуун арча, мажүрүм тал, ак кайың анын карамагында. Жай айларында апта сайын суугарып турат.

Ала-Бука районунун борбордук көчөсүнөн бөлүнгөн арчалардын ар бирине көңүл бөлүп, аларды ар кандай формада кыркып турат.

Мавлюда айымдын айтымында, ал айлык маянасынын аздыгына карабай, ал жумушун кызыгуу менен аткарат.

Анын 1 уул, 4 кызы, 16 небереси бар.

18

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×