Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 28.10.2015 09:26

Айыл турмушу: Нооруз майрамын 17-мартка жылдыруу керек, - 18 жыл мезгил изилдеген кара-көлдүк А.Темиркулов (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарына караштуу Көк-Бел айылынын 62 жаштагы тургуну Анарбай Темиркулов 18 жылдан бери төрт мезгилди изилдеп келет.

А.Темиркулов Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, учурда колдонулуп жаткан календарь Кыргызстандагы төрт мезгилиге туура келбейт.

«Ошол себептен өзүбүздүн календарыбызды түзүшүбүз керек. Маселен, азыркы календарь боюнча бизде чак түштү саат 12:00до деп эсептейбиз. Бирок, андай эмес, бизде чак түш саат 13:00дө болот. Анткени, чак түш деген сөздүн мааниси түндүк дегенди билдирет. Саат 13:00 болгондо күндүн көлөкөсү түндүктү көрсөтөрүн байкадым. Ошол себептен биз саатты бир саат алдыга жылдырышыбыз керек. Ал эми азыркы календарь боюнча күн-түндүн теңелүүсү жана жаңы жыл 21-март дегенибиз туура эмес. Мен 18 жылдан бери күн-түндүн теңелишин изилдеп көрсөм күн-түн Кыргызстанда 17-март күнү теңелет экен. Ошол себептен жаңы жылды, Нооруз майрамын 17-мартка жылдыруу керек», - дейт А.Темиркулов.

«Менин эсептөөмдө Кыргызстанга 25-27-декабрда кыш келет. Бир жолу кар жаап өткөндөн кийин, кара суук болот. Ал эми жай канчалык ысык болсо, кыш ошончолук суук болот. Жаздын келиши бизде 16-апрелге туура келет. Ошон үчүн биз өзүбүздүн табиятыбызга карата календарды тууралап, оңдосок, эрте жазда эгинди үшүк алуу же эгиндер бышпай, кар алдында калды деген айыл чарбасына тиешелүү көйгөйлөр жоюлмак. Ошондой эле, тогоол деген түшүнүк бар. Ал түшүнүк ай менен үркөр жылдыз беттешкен күндөр, аба-ырайы ошого карап өзгөрөт дегенди билдирет. Демек, ошол тогоол күндөрү жаан жайт же ысык болот. Мына ушунун баарын карап чыгуу керек. Кыргыздарда илгертен эле күн жылнаама, ай жылнаама, кура (зодиак) төлгө, тогоол жылнаама жана арсар айы деп ата-бабаларыбыз эсептеп келген экен. Ошол эсептөөлөр боюнча биз азыркы календарга баш ийбей, өзүбүздүн жаратылышыбыздын өзгөрүүсүнө карата жылнаама түзсөк жакшы болмок», - дегп билдирди А.Темиркулов.

Ал жогорку окуу жайлардын биринде физика-математикалык факултетинде 3-курстан тарта окубай калган. Анын 5 баласы, 6 небереси бар.

68

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×