Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.10.2015 09:12

Айыл турмушу: Сузактык дыйкан К.Камалов күрүч өстүрүүнүн сырларын айтып берди (фото)

Turmush -  Сузак районунун төмөнкү зонасындагы жашоочулар негизинен күрүч өстүрүү менен алектенишет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Аталган райондун тургуну Калбай Камаловдун айтымында, бул жерлер күрүч өстүрүүгө ыңгайлуу. Быйыл ал 2 гектарга жакын жерге күрүч эккен. Учурда күрүчтү ордуруу менен алек. Буга чейин 50 сотых жерге гана эгип келген.

«Быйыл күрүчтүн түшүмү жакшы болбой калды. Буга быйылкы жылдагы аба ырайы себеп болду окшойт. Экинчиден күрүчтү курт-кумурскалар басып кетти, ага каршы дары чачканыбыз менен түшүм жакшы болгон жок. Көп дары чачып салгандардын күрүчү кичинекей болуп калды. Эл дарынын сапатсыздыгынан да жапа чекти», - дейт К.Камалов.

Учурда дыйкан 2 гектарга жакын жерге айдаган күрүчтөн 3 тоннадай түшүм алууну пландап жатат. Тапкан кирешесине уулуна жер алууну пландоодо.

Дыйкандын айтымында, өткөн аптадагы жаан-чачын жергиликтүүлөргө түйшүк жаратты. Себеби, күрүч эгилген талаалар сууга толуп, жашоочулар тизеге чейин суу кечип, күрүч оруп жатышты.

«Өткөн аптадагы жаан-чачында күрүч паялар сууга толуп калгандыктан, орокчулар да кызматынын баасын кымбаттатып салышты. 1 сотых күрүчтү оруу акысы 160 сомдон 220 сомго чейин чыкты. Мен 1 гектар жерди ордуруу үчүн 18 миң сом жумшадым», - дейт К.Камалов.

Дыйкандар даяр болгон ак күрүчтү 50-55 сомдон, кызыл күрүчтү 80-95 сомдон сатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×